БИШКЕКТЕГИ БАЛДАР МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕКТЕГИ БАЛДАР МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕБИ П. Ф. Шубин атн. 1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР ЭКСтин токтому м-н ачылган. 1948-ж. П. Ф. Шубиндин ысмы ыйгарылган. Окуу мөөнөтү 5–7 жыл. Фортепьяно, кылдуу, үйлөмө, урма, эл аспаптар ж-а хор бөлүмдөрү бар. Мектептин 300 орундуу концерттик залы, китепканасы, муз. аспаптарды оӊдой турган устаканасы бар. Класстар окуу программасынын талабына ылайыкташтырылган. Мектептин алдында хор, оркестр, вокалдык, аспаптык ансамблдер уюштурулган. Мектептин базасында ар дайым респ-лык конкурстар, фестивалдар өткєрүлүп турат. 2005–06-окуу жылында 770 окуучу окуган.