БЛАНШИРЛӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛАНШИРЛӨӨ (фр. blanchir – агартуу, кайнак сууну жаба куюу) – 1) т а м а к-а ш ө н ө р ж а й ы н д а – мөмө ж-а жашылчаны ысык сууга чайып алуу. Б. аларды карарып кетүүдөн сактайт, мөмө клеткасына канттын молекулаларынын сиӊиши м-н кыям кайнатууну тездетет. Б. мейиз даярдоодо, вино жасоодо бышкан жүзүмдү солутуу үчүн колдонулат. Б-дө солутуу процесси 2–3 эсе кыскарат; 2) т е р и ө н д ү р ү ш ү н д ө – теринин ички бетин тери астындагы клетчаткадан (май, чел) тазартуу. Б-дөн кийин теринин ички бети (бахтарма) абдан тегизделет. Теринин калыӊдыгын тегиздөөдөн, жылмалоодон кийинки кемчиликтери Б. м-н жок кылынат.