БЛОК (техникада)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛОК т е х н и к а д а – 1) жип, чынжыр, зым аркан айлана б-ча арта салынуучу кобулдуу дөӊгөлөк түрүндөгү тетик же жөнөкөй механизм. Механизм м-н машинада күч аракетинин багытын өзгөртүү (кыймылсыз Б.), күчтөн же аралыктан утуш алуу (кыймылдуу Б.) үчүн колдонулат. Арналышына карата багыттагыч, теӊ-салмактагыч, кыймылдуу (валга айлануу кыймылын берүү үчүн), кыймылсыз түрлөрү бар. Күчтөн же ылдамдыктан утуш алууда жүк көтөрүүчү механизм – полиспаст колдонулат; 2) бир нече бирдей бөлүктөрдөн турган, мис., ичинен күймө кыймылдаткычтагы цилиндрлер Б-у, көп шпинделдүү тестеги (станоктогу) шпиндель Б-у; 3) имараттарды курууда ж-а жолдун бетин асфальт-бетон м-н каптоодо колдонулуучу чоӊ өлчөмдөгү таш (бетондон, карападан жасалган).

Түрдүү блоктордун схемасы: а – багыттагыч; б – теӊ салмактагыч;
в – күчтөн утуш алуучу кыймылдуу тетик;
г – жолдон утуш алуучу кыймылдуу тетик; Р – күч.