БЛОНСКИЙ
БЛО́НСКИЙ Павел Петрович [14 (26). 5. 1884, Киев –15. 2. 1941, Москва] – педагог ж-а психолог, педагогика илимд. доктору (1935), педологиянын эӊ алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан ж-а аны жетектеген. Б-дин баштапкы чыгармалары тарыхый-филос. ж-а тарыхый-пед. өӊүттө болгон. Эмгекке ж-а политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери мектеп системасынын курулушунда теор.-пед. негиздемелердин бири катары кабыл алынган. Б-дин түрдүү курактагы балдардын табияты ж-а аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөрү ж-дөгү көз караштары «Педология» (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде корутундуланган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психол. турмуштун келип чыгышын ж-а өнүгүшүн психол. ишмердиктин түрдүү деӊгээлдери катары чечмелеген.