БОЗБАРМАК «УСТАКАНАСЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗБАРМАК «УСТАКАНАСЫ» – Ысык-Көлдөгү эӊ байыркы археол. эстелик; төмөнкү палеолиттин ашель, мустье доорлоруна таандык. Балыкчы ш-на жакын жердеги Ак-Өлөӊ кыш-нын чыгыш тарабындагы Боз-Бармак тектирчесиндеги жайгашкан таш курал жасоочу «устакана». Андан палеолитке таандык куралдар табылган. Археологдор В. Ранов, М. Юнусалиев, А. Деревянко, А. Зенин тарабынан изилденген. М. Юнусалиев бул эстеликти Саламат-Булак деп атоону сунуш кылган.
К. Табалдиев.