БОЗБУ-ТОО
БОЗБУ-ТОО Чаткал кырка тоосу м-н Нарын д-нын аралыгынан орун алган. Чыгыш жагындагы Ат-Ойнок тоосунан Кара-Суу суусу бөлүп турат; батыш жагы жапыздап, Пишкаран ойдуӊчасына өтөт. Уз. 30 км, туурасы 14 км, эӊ бийик жери – Шилби чокусу (2876 м). Тоонун негизин палеозой заманынын порфит, туф ж-а кумдук, акиташ тоо тектери түзөт, капталдарында мезозой чөкмөлөрү жатат. Түш. этектерин палеогендин кызыл чополуу тектеринен турган адырлар ээлейт. Жарым чөл, кургак ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыттуу түш.-батыш этегинде (Майлы-Сай) нефть кени бар.