БОЗ-ЭМЧЕК – КАБА-САЙ ЖЕЗ ЖАНА ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ-Э́МЧЕК – КАБА-САЙ ЖЕЗ ЖАНА ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Каба кыш-нан түн. тарапта, Чаткал кырка тоосунун түш.-батыш капталында, Каба суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊг. 1700–2300 м бийиктикте. Кен 9–12-к-дан белгилүү. 1951–66-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын таш көмүр мезгилинде пайда болгон доломит м-н акиташ теги ж-а эффузия тоо тектери, каледондун гранит интрузиялары түзөт. Кенташ халькопирит, пирит, борнит, галенит, сфалерит ж. б. сульфиддерден түзүлүп, интрузия м-н карбонат тектеринин кошулган жерлеринде пайда болгон скарндарда же акиташ тектериндеги жаракаларда жайгашкан. Алар негизинен гранат-волластонит ж-а гранат-пироксен скарндарына топтолгон. Кенташтуу скарн катмарлары түн.-чыгыштан түн.-батышты көздөй 10 кмден ашык аралыкка созулат. Кендеги жездин орт. кондициялык өлчөмү 1,1%, коргошундуку 4% ж-а цинктики 4,3%, алтындыкы 1,93 г/т, күмүштүкү 13,2 г/т. Кен герцин металлогениялык доорунда пайда болгон. Кенташтын жалпы ресурсу 21792 миӊ т. Пайдалуу компоненттердин ресурсу: жездики – 243401 т, алтындыкы – 5623 кг, күмүштүкү – 38 т.