БОЗ-КАРАГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ-КАРАГАН – Ош обл-нун Алай р-нундагы кыштак. Коӊур-Дөбө айыл округуна караштуу. Гүлчө суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊг. 1565 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыш-нан 7 км батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 80 км. Калкы 1005 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, бала бакча, медпункт бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.