БОЗ КҮРӨӉ ТОПУРАК –

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ-КҮРӨӉ ТОПУРАК – кургакчыл субтропик алкагынын бадалдуу тоолорундагы топурак тиби. Ал 1,5–3,5% чиринди, 0,1–0,3% азот, 8—14% карбонаттан турат. Жогорку катмары жумшагыраак, ал эми ортоӊку катмары өтө чополуу болгондуктан нык келет. Ал кадимки шалбаа, жетилбеген ж-а гипс-топуракка бөлүнөт. Закавказьеде, О. Азияда тоо этектеринде болот. Кырг-нда ал каралжын боз же күрөӊ карбонаттуу келет. Мех. курамында оор ж-а чопо минералдар көп болгондуктан сугарганда топурак тез катат. Бирок, беде эгилгенде структурасы кайрадан калыбына келет. Б-к. т-туу жерге пахта, дан өсүмдүктөрү эгилип, жүзүм, өрүк, шабдалы, анар, мисте өстүрүлөт.