БОЙКОТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЙКО́Т (англ. boycott) – баш тартуу, токтотуу, тыюу салуу, аткарбай коюу, мамилени үзүү. 1880-ж. имение башкаруучу, англичан Ч. К. Бойкоттун атынан, ирландиялык арендаторлор ага биринчи мертебе баш ийбөө же баш тартуу чарасын колдонушкан. Б-тун бир нече формасы бар: 1) белгилүү бир жеке адам, уюм, ишканага карата – жумушка орношууну, ошол ишкананын продукциясын сатып алууну токтотууга багытталган саясий ж-а экон. күрөштүн бир белгиси; 2) БУУнун Уставы б-ча эл аралык мамиледе – тынчтыкты сактоо максатында мажбурлоо (куралдуу күчтөрдү колдонбостон) чараларынын бири. Бир мамлекеттин экинчи бир мамлекет же мамлекеттердин тобу м-н мамиле түзүүдөн баш тартууга негизделет; 3) кимдир бирөө м-н мамилени токтотуу же бир нерсеге нааразылык көрсөтүү. Аталган Б-тор көбүнчө экон. саясий, социалдык, рухий, мамл. башкаруу чөйрөлөрүнө, шайлоо системасына, саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга, коомдук бирикмелерге таркалат. Мис., парламенттин депутаттарынын бир тобу тигил же бул маселени талкуулоодон, белгилүү бир максаттарга жетишүү үчүн баш тартуусу, мамлекеттин аткаруучу бийликтин өкүлүнүн чечимдерин, буйруктарын аткарбай коюусу; каршы экендигин билдирүү үчүн белгилүү бир тарап м-н мамилелерди үзүү.