БОККАЧЧО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОККА́ЧЧО Жованни [1313, Чертальдо (Тоскана обл.) же Флоренция –21.12.1375, Чертальдо] – итал. жазуучу. Кайра жаралуу доорундагы гуманисттик ад-тты баштоочулардын бири. Ал латын ж-а грек тилдерин билген. Антикалык мифологиянын сюжеттерин пайдаланып жазган поэмалары, «Фьяметта» (1343) психол. повести, пасторалдары, сонеттери бар. Учкул ойлуу, күлкү-тамашалуу «Декамерон» аттуу көрүнүктүү чыгармасында ал италия коомунун турмушун кеӊири сүрөттөйт. Бул чыгармасы элдик анекдот, уламыш, оозеки аӊгемелердин негизинде өз алдынча новеллалар катары жазылган. Китептин негизги пафосу – католик чиркөөсүн ж-а дин кызматчыларын шылдыӊдоо. Анын чыгармалары Италиядагы Кайра жаралуу доорундагы мад-ттын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизип, анын новеллалары бүткүл Европа ад-тында реализмди калыптандырууга салым кошкон. «Кузгун» поэмасы (1354–55), «Данте Алигеринин өмүрү» (1360, 1477-ж. жарык көргөн) ж. б. китептердин автору.