БОКСИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОКСИ́Т (фр. baхite, Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидроксидинен (35–85%), чопо м-н карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний ж-а титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоо тек. Б-ти түзүчү минералдарга диаспор, бемит, гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. кирет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоо тектердин латериттик талкалануу процессинен ж-а көл м-н деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет өлкөлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) ж. б. жерлерде бар. Б. – алюминийдин негизги кенташы (к. Алюминий кенташтары). О. эле ал боёк, цемент жасоодо ж-а металлургия м-н нефть өнөр жайында пайдаланылат.