БОЛГАРИЯ
БОЛГА́РИЯ (България), Б о л г а р Р е с п у б л и к а с ы (Республика България) – Европанын түш.-чыгышындагы мамлекет. Балкан ж. а-нын чыгышында жайгашкан. Түндүгүнөн Румыния, батышынан Сербия, Черногория ж-а Македония, түштүгүнөн Грекия ж-а Түркия м-н чектешет. Чыгышынан Кара деӊиз чулгайт. Аянты 111,0 миӊ км2. Калкы 7,1 млн (2021). Борбору – София ш. Расмий тили – болгар тили. Адм. айм. жактан 28 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – лев. Б. – БУУнун, Европа Советинин, Эл аралык валюта фондунун ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү.

Таблица бар.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Б. – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 1991-ж. 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Элдик жыйналыш. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген Министрлер Совети. Саясий партиялары: Б. соц. партиясы, Демокр. күчтөр союзу. Эркиндик ж-а укуктар үчүн кыймыл ж. б.
Табияты.
Түндүгүндө Дунайды бойлой созулуп жаткан Төмөнкү Дунай түздүгүнүн түш. бөлүгү чыгышында Добруж платосуна өтөт. Түштүгүрөөк, бүт өлкөнү батыштан чыгышты карай Стара-Планина (Балкан) тоолору (бийикт. 2376 м, Ботев чокусу) ээлеп, түш. капталдары узатасынан созулган кууш ойдуӊдарга (Казанлык, Карлова ж. б.) тик түшөт. Түштүгүрөөктө анча бийик эмес Средна-Гора жапыз тоосу (1604 м, Богдан чокусу) жайгашкан. Өлкөнүн борб. ж-а түш.-чыгыш аймактарын Жогорку Фракия түздүгү ээлейт. Түш. ж-а түш.-батышта Балкан ж. а-ндагы эӊ бийик Рила (Б-нын эӊ бийик жери, 2925 м, Мусала чокусу), о. эле Пирин (бийикт. 2914 м, Вихрен чокусу) ж-а Родопи (2191 м, Голям-Перелик чокусу) тоолору жатат. Кара деӊиз жээги көбүнчө жапыз, кумдуу пляждары кенен, айрым жерлери тик. Өлкөнүн эӊ четки түш.-чыгышында Сакар тоо массиви (бийикт. 856 м), түндүгүндө Странжа (Истранжа) тоосунун түн. тармактары жайгашкан. Карст процессинен пайда болгон көптөгөн үӊкүрлөр бар, алар Стара Планина, Родопидеги Райчова-Дупка, Магура, Леденика ж. б. үӊкүрлөр туристтик жайга айландырылган. Климаты түндүгүндө мелүүн континенттик, түштүгүндө жер ортолук деӊиздик. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүүү. Январдын орт. темп-расы Төмөнкү Дунай түздүгү.


түздүктөрдө –2°Сден 2,5°Сге, тоолордо –10°Сге чейин, июлдуку түздүктөрдө 19–25°С, тоолордо 5–12°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 450–550 мм, тоолордо 850–1300 ммге чейин. Б-нын дарыялары Кара ж-а Эгей деӊиздеринин алаптарына кирет. Алардын суу бөлгүчү – Стара-Планина, Странжа. Кара деӊиздин алабына кирген негизги дарыялар: Дунай (кеме каттаган жалгыз дарыя; анын куймалары: Искыр, Янтра, Вит), Камчия ж. б. Эгей деӊизине Б-дагы эӊ суусу мол дарыя – Марица (куймалары: Тунжа, Арда), о. эле Места, Струма дарыялары таандык. Көлү аз; ири лиман көлдөрү: Бургас, Варнен. 500дөн ашык минералдык суу булактары бар, алардын базасында бальнеол. борборлор уюшулган. Аймагынын 30%ке жакынын (негизинен тоолор) токой ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) басымдуу; андан жогору ийне жалбырактуу токой (карагай, көк карагай, мырза карагай), 1700–1800 мден жогору тоо шалбаасы, түштүгүндө ж-а түш.-чыгышында бадал өсүмдүктөрү өсөт. Б-да табияты коргоого алынган 49 аймагынын жалпы аянты 491 миӊ га; а. и. улуттук парктары: Рила, Борб. Балкан ж. б. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргендери: Сребырна биосфера резерваты ж-а Пирин улуттук паркы.
Калкынын
негизин болгарлар (83,9%) түзөт (2001-жылкы эл каттоо б-ча), о. эле түрк (9,4%), цыган (4,7%), македониялыктар, орустар, армяндар
ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Христиан (85%), мусулман (12% сүнөттөр) ж. б. диндерин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 67,4 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 68,4, аялдарыныкы –75,9 жаш.
Шаар калкы 70%. Ири шаарлары: София, Пловдив, Варна, Русе, Бургас, Стара-Загора,Плевен.

==Тарыхы. ==
Б-нын аймагын адамдар палеолит доорунан бери мекендеген. Б. з. ч. 8–6-к-дагы грек тарыхый булактарынын маалыматтарына караганда, бул жерлерге индевропалык уруулар (фракиялыктар) отурукташа баштаган. Б. з. 1-к-на карата фракиялык жерлер Рим империясына каратылып, мында римдик Мезия ж-а Фракия провинциялары түзүлөт. Рим империясы кыйрагандан кийин 395-ж. эки провинция Византиянын курамына кирген. 6-к-дын аягында Б-нын аймагына славян уруулары отурукташа баштаган. 7-к-дын 70-ж-нда Аспарух хан баштаган булгарлар (түрк уруулары) Азов деӊизинин жээги м-н Түн. Кавказдан жер которуп келип, 681-ж. Балкан тоолору м-н Дунайдын төмөнкү агымында славян-булгар урууларынын мамлекетин – I Болгар падышалыгын негиздейт. Князь Бористин убагында (852–889) христиан дини мамл. дин катарында кабыл алынат. Мамлекетти славяндаштыруу процесси күчөп, акырында булгарлар м-н славяндардын этностук айырмачылыгы жоюлуп, болгарлар деген эл түзүлөт. 894-ж. ага-ини Кирилл ж-а Мефодий славян жазмасын түзүшөт. 9-к-да Сердиканы, Адрианополду кошуп алуунун натыйжасында мамлекеттин чек арасы кеӊейет. 1014-ж. византиялык император Василий II Беласицанын алдында болгар аскерлерин талкалаган соӊ, 1018-ж. Б. толук Византияга каратылат. 1185–87-ж. элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Византиянын бийлиги кулатылып, 2-Болгар падышалыгы түзүлөт (1186–1396). Падыша Иван Асен IIнин тушунда (1218–41) бир топ жогорулап, Кара, Эгей, Адрия деӊиздеринин аралыгын ээлеп, Балкан ж. а-ндагы күчтүү мамлекетке айланган. 13-к-дын 2-жарымынан ич ара чыр-чатактардан улам Б. мамлекети начарлай баштайт. Болгар падышалыгы алгач Батый ханга, 13-к-дын аягы – 14-к-дын башынан Ногой ордосуна салык төлөп турган. 14-к-дын аягында бытыранды Б. жерлерин Осмон империясы басып алып, болгарлар массалык түрдө мусулмандаштырылып, дээрлик 500 жыл бою башкарып турган. 19-к-дын 2-жарымынан Б-да улуттук-боштондук үчүн кыймылдар күч алып, алар Б-га автономия берүүсүн талап кылышат. 1877–78-ж. орус-түрк согушунда болгарлар Россия тарабында салгылашып, орус армиясынын жеӊип чыгышы ж-а Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарты б-ча өлкөнүн түндүгү өз алдынча Б. княздыгы болуп түзүлүп, түштүгү – Чыгыш Румелия Түркиянын автономиялуу провинциясы бойдон калган. 1885-ж. Пловдивдеги түрктөргө каршы көтөрүлүштүн натыйжасында өлкөнүн аймагы бириктирилип, 1908-ж. Б. өзүнүн толук көз каранды эместигин жарыялап, өз алдынча падышалык болуп жарыяланган.

1-Балкан согушунда (1912–13) Б. Түркияга каршы Балкан союзун түзүүгө демилгечи болуп, анын айрым аймактарын өзүнө каратканы м-н 2-Балкан согушунда (1913) мурдагы жерлеринен айрылган. Б. 1-дүйнөлүк согушта Германия м-н Австрия-Венгрия тарапта салгылашты. 2-дүйнөлүк согушта Б. алгач бейтараптык саясат жүргүзүүгө аракеттенгендиги м-н 1941-ж. Германия, Италия ж-а Япония ортосунда түзүлгөн Үчтүктөр Союзу пактысына кол коюп, фашисттик блокко кошулган. 1944-ж. 9-сентябрда Б-га Кызыл Армиянын аскерлери кирип, өлкөдө болуп өткөн мамл. төӊкөрүштүн натыйжасында бийлик алмашат. 1946-ж. 15-сентябрда монархиялык башкаруу жоюлуп, Болгария Элдик Респ-нын түзүлгөндүгү жарыяланат. 1946–89-ж. Б. соц. өнүгүү жолун тандаган мамлекеттердин катарында Экономикалык өз ара жардамдашуу советине (1949), Варшава келишимине
(1955) ж-а БУУга (1955) мүчө болуп кабыл алынган. 1990-ж-дын башында өлкөдө башталган саясий-экон. өзгөрүүлөрдүн натыйжасында коомдо ж-а мамлекетте лидерлик позицияны ээлеп келген БКП бийликтен кетип, президенттик башкаруу ин-ту киргизилет (1-президент П. Младенов). 1991-жылдын июль айында жаңы конституция кабыл алынып, өлкө Б. республикасы деп аталган. Б. унитардык, демократиялык ж-а укуктук мамлекет деп жарыяланган. Өлкө пландуу экономикадан рынок экономикасына өткөн. 1990-жылдары Демократиялык күчтөрдүн биримдиги (1989) ж-а Болгария Социалисттик партиясы (1990) түзүлгөн. Мындан сырткары Укук жана эркиндик үчүн кыймыл, Болгария социал-демокр. партиясы, ж.б. партиялар пайда болгон. 2005-жылдан өлкөнүн экономикасында олуттуу ийгиликтерге (ИДПнын көбөйүшү, мамл. карыздын азайышы ж. б.) карабастан, өлкөдө коррупциялык жаңжалдар, энергетика тармагындагы көйгөйлөр (электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү) ж. б. массалык толкундоолор болуп турган. Мындай экон. акциялар бүткүл саясий системага каршы нааразычылыкка айланып, бир нече жолу өкмөттүн алмашылышы м-н коштолгон. Өлкөнүн президенттери: 1990-жылдын апрель-июль айларында П. Младенов, 1990–97-ж. Ж. Желев, 1997–2002-ж. П. Стоянов, 2002–12-ж. Г. Парванов, 2012–16-ж. Р. Плевнелиев, 2016-жылдан Р. Радев. 2004-ж. Б. НАТОго, 2007-ж. Евросоюзга кирген.
Экономикасы.
Б. – экономикасы орт. өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. 1990-ж. СССР м-н болгон байланыш солгундагандан баштап өлкөдө тереӊ экон. кризис болгон. 1996-жылдын аягынан 1997-жылдын башынан экон. өнүгүү турукташа баштаган. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 61,6 млрд доллар (2004; АКШ, аны киши башына бөлүштүргөндө Европа кеӊешине кирген өлкөлөрдүн орт. дегээлинин 1/3инен аз). Ички дүӊ продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,4%, өнөр жайыныкы 30,1%, а. ч-ныкы 11,5%ти түзгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы: азык-түлүк, ичимдик ж-а тамеки өндүрүшү. Б-нын отун-энергетикасында нефть продукциялары 24,3%, жаратылыш газы 14,8%, таш көмүр ж-а лигнит 38,1%, атом энергиясы 20,1%, гидроэнергия 2,7%ти түзөт. Энергия ресурстарынын (нефть, газ, таш көмүр, ядро отуну) 70%ин сырттан, негизинен Россиядан алат. Күрөӊ көмүр ж-а лигнитти казып алуу 38 млн (1987) тдан 26,5 млн тга (2004) чейин кыскарган. О. эле нефть (жылына 26,5 миӊ т, 2004), жаратылыш газы (333 млн м3, Кара деӊиздин шельфинен) казылып алынат. 2004-ж. 42,6 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 52%ке жакыны ЖЭСке, 40% АЭСке туура келет. Ири ЖЭСтери: «Марица-Чыгыш-2» (кубаттуулугу 1450 МВт), Варна (1260 МВт) жылуулук электр борборлору; АЭСтери: Козлодуй (3700 МВт), «Белене» (курулууда; долбоор б-ча кубаттуулугу 2000 МВт); Рила-Родопи тоо массивиндеги ГЭС

каскадына, о. эле Белмекен-Чаир ГЭС–ГАЭС комплексине өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 8% туура келет. Машина куруу өнөр жайынан кеме куруу заводдору (Варна, Бургас, Русе), станок ж-а инструмент өнөр жай өндүрүштөрү, байланыш, радио-телевизор, ЭЭМ (София), электр-тех. (Стара-Загора, Пловдив, Радомир), вагон куруу (Бургас), химия өнөр жайы үчүн жабдуу чыгаруучу ишканалары (Хасково) иштейт (2005). Балкан ж. а-ндагы эӊ ири «Лукойл-нефтхим» хим. комбинаты (жылына 10 млн тга жакын чийки нефть иштетилет), синтетикалык каучук (Пазаржик), минералдык жер семирткичтер ж-а пестициддер (Димитровград, Стара-Загора, Плевен ж. б.) өнөр жайлары бар. Парфюмерия-косметика, фармацевтика өнөр жайларынын продукциялары экспорттолот. Жыгачты Россиядан (Коми Респ-нан) алат. Текстиль өнөр жайында жылына 70–90 млн м кездеме токулат; борборлору: София, Пловдив, Габрово, Сливен, Варна, Панагюриште. Жылына 60–70 миӊ т жашылча-жемиш консервасын, 57,9 миӊ т өсүмдүк майын, 153 миӊ т кант, 83,6 млн л шарап, 23,7 миӊ т тамеки өндүрүлөт (Благоевград, София, Стара-Загора, Пловдивде шарап, тамеки, жашылча-жемиш), консервалары ж. б. азык-түлүк товарлары даярдалат; көбү экспорттолот.
Б-да 1990-ж. агр. реформа жүргүзүлүп, жеринин көп бөлүгү мурунку жер ээлерине кайтарылып, а. ч-га жарактуу жери майдаланып, бөлүнүп кеткен. Натыйжада жер пайдаланууда олуттуу проблема түзүлгөн. А. ч-сы 2002-ж. 1990-жылга салыштырмалуу 12%ке төмөндөгөн. Жер ээлеринин өндүрүштүк кооперациялары, фермер чарбалары түзүлдү. А. ч-га жарактуу жери 5,3 млн га, же өлкөнүн аянтынын 48%тейи; а. и. 3,2 млн гасы иштетилет. Айдоо аянттарынын басымдуу бөлүгү Дунай түздүгүндө ж-а Жогорку Фракия ойдуӊунда (50–70%) жайгашкан. Сугат жери 800 миӊ га. Бак-дарак өстүрүү ж-а жүзүмчүлүк Стара-Планина ж-а Родопи тоолорунун этектеринде, о. эле Кюстендиль ойдуӊунда өнүккөн. Дан эгиндери (3,3 млн т буудай, 1,4 млн т жүгөрү, 1,0 млн т арпа), тоют өсүмдүктөрү (люцерна, жүгөрүнүн жашыл массасы), күн карама (700 миӊ т), тамеки, кант кызылча, пахта (түш. райондорунда) айдалат. Карлови, Казанлык ойдуӊдарында, Стара-Планинанын түш. капталдарында эфир-май берүүчү өсүмдүктөрү (роза, жалбыз, лаванда) өстүрүлөт. Роза майын өндүрүп экспорттоо б-ча Б. дүйнөдө алдыӊкы орунда (2004, 1000 кгга жакын же дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3). Огородчулук өнүккөн. Картошка, помидор, калемпир, бадыраӊ, капуста, пияз, дарбыз өстїрїлөт. Жемиш бактарын (алма, өрүк, алмурут, шабдалы ж. б.) өстүрүү ж-а жүзүмчүлүк (400 миӊ т; жүзүмдөн шарап жасалат, бир бөлүгү экспорттолот) өнүккөн. Мал чарбасында майда жандык басымдуу. Кой, эчки, чочко, бодо мал, үй кушу асыралып багылат. Өлкө табигый климаттык, маданий-тарыхый ж. б. рекреациялык ресурстарга бай. Кара деӊиз жээгиндеги климаттык курорт зоналары – Албена – Алтын-Кум – Варна ж-а Күнөстүү Жээк – Несебыр – Поморие – Бургас. Тоо климаттык ж-а бальнеол. курортторго, түрдүү спорт оюндарын өткөрүүчү жайларга ж-а эс алуу борборлоруна (Витоша, Рила, Пирин, Родопи тоо массивдеринин капталдарында, Струма ж-а Места д-нын өрөөндөрүндө) бай. Көптөгөн тарыхый, арх-ралык эстеликтер бар. Жылына болжолдуу 4 млндон ашык турист келет.

Б-нын аймагынан эл аралык транспорт коридорлору – темир жол тармагы, автомагистралдар (Белград – София – Пловдив – Стамбул ж-а София – Солоники – Афины) өтөт. Бул жолдор тармагы Батыш ж-а Борб. Европаны Жакынкы ж-а Ортонку Чыгыш өлкөлөрү м-н байланыштырат. Автомобиль жолунун уз. 37,3 миӊ км (а. и. асфальтталганы 35,0 миӊ км), темир жолунуку 4294 км (а. и. 4049 кми европалык стандартка ээ, анын 2710 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 470 км. Дунайдагы негизги дарыя порттору: Русе, Лом. Деӊиз соода флотунун тоннажы 758,0 миӊ рег.бр.-т же 1115,2 миӊ т дедвейт (2005). Башкы деӊиз порту – Бургас. Куур магистралынын уз. 2920 км (а. и. газ кууру 2425 км, нефтиники 339 км, нефть продукциясын өткөрүүчү куурдуку 156 км). Өлкөдө 5 эл аралык аэропорт (София, Пловдив, Варна, Бургас, Горна-Оряховица) бар. Башкы авиакомпаниясы – «Bulgaria Air». Сырттан машина ж-а анын жабдууларын, металл ж-а анын эритмесин, химикаттарды, пластика, отун ж. б. алып, сыртка жеӊил өнөр жайынын продукцияларын (кийим-кечек, кездеме, бут кийим), металл, машина ж-а анын жабдууларын, нефть, нефть продукцияларын, химикаттарды, азык-түлүк товарларын ж-а суусундуктарды чыгарат. Сырткы соодасынын 50%тен ашыгы Европа Союзу өлкөлөрүнө туура келет; негизги соода шериктештери: Италия, Германия, Түркия, Бельгия, Грекия, АКШ, Франция (импорт); Германия, Италия, Россия, Грекия, Түркия, Франция, Австрия (экспорт).
Маданияты
. Билим берүү ж-а агартуу тармагындагы өлкөнүн Улуттук чогулушу тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектепке чейинки мекемелер м-н мектептеги окутууну жерг. бийлик ж-а регионалдык билим берүү инспекциясы жетектейт. Ал эми жогорку окуу жайларын ректорлор кеӊеши башкарат. Негизги регламенттик документ болуп, 1991-ж. кабыл алынган билим берүү, 1995-жылкы жогорку билим, 1999-жылкы кесиптик билим ж-дөгү мыйзамдар эсептелет. Б-да эл аралык билим берүүнүн стандарттык классификациясы ISСED–97 кабыл алынган. Билим берүү системасы мектепке чейинки мекеме (3–7 жаш), негизги мектеп [башталгыч билим (1–4-класс), гимназиялык билимден (5–8-класс)] турат. Жаштар 16 жашка чейин акысыз ж-а милдеттүү түрдө билим алышат. О. эле орто билим (9–12-класс) алуу да киргизилген. Орто адистештирилген окуу жайлары 6–8-класстын ж-а орто мектептин билим базасында жүргүзүлөт. Б-да 42 ун-т ж-а 9 коллеж бар. Ири ун-ттери: Климент Оридский атн. (1888-ж. негизделген София), Паисия Хиландарский атн. (1961, Пловдив), Ыйык Кирилл ж-а Мефодий атн. (1971, Велико-Тырново), Аскер Академиясы, улуттук ж-а дүйнөлүк чарбалар ун-ти, жогорку мед. ин-т. БИА иштейт. Өлкөдө 400дөн ашык китепкана (а. и. 49 ири), 220дан ашык музей (а. и. «Шипка-Бузлужа» улуттук музейи, Несебыр, Копривштица, Арбанаси ж. б. шаар-музейлер) бар.
М а с с а л ы к м а а л ы м а т к а р а ж а т т а р ы да жакшы өнүккөн. Негизи гезиттери: «24 саат», «Эмгек», «Дума», «Народна младеж», «Стандарт», «Монитор», «Демокрация». Радиоуктуруу 1929-жылдан (белгилүү каналдары: «Хоризонт», «Христо Ботев», «Радио Нэт», «Дарик Радио»), телекөрсөтүү 1959-жылдан жүргүзүлөт. 1999-жылдан менчик канал К 2, Б. телеграф агентчилиги (Българска телеграфна агенция – БТА, 1898-ж. негизделген) иштейт. Б-нын медиарыногу чет элдик капиталга (Германия, Швейцария) көз каранды.
Б-нын а д а б и я т ы славян ад-ттарынын ичинен эӊ байыркы ад-т. Өлкө христианчылыкты кабыл алгандан кийин 9-к-дын 2-жарымында пайда болгон. Алгачкы диний тексттерди агартуучулар Кирилл ж-а Мефодий түзгөн. Байыркы ад-ты Б-нын 1-падышасы Б. Симеондун (893–927) тушунда өсүп өнгөн. Бул мезгилде Климент Охридскийдин жыйнактары (сыйынуу, ыйыктардын панегириктери), Константин Преславскийдин (ыр м-н жазылган сыйынуу), Иоанна Экзарханын, Черноризца Храбранын (трактаттары) жарык көргөн. 1018–1186-ж. (Византия бийлик кылган мезгилде) ад-т өсүшү токтоп, єнїккєн. 14-к-дан кайра жандана баштаган, ал учурда Б. ад-тына чоң салым кошкон Евфимий ж-а анын окуучулары Григорий Цамблак ж-а Константин Костенеческийлер эмгектенген. Ад-ттын жаӊы этабы улуттук кайра жаралуу доору м-н байланыштуу. Поэзия ургалдуу өнүгүп, 1-болгар журналы «Любословие» (1844) чыккан. Б-нын ад-тынын өнүгүшүнө орус ад-ты чоӊ таасир тийгизген. 1917–23-ж-дагы рев-я ад-тка чоӊ таасир эткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан коммунисттик режим кулаганга чейин (1989-жылдын аягы) Б. ад-ты, соц. талаптын басымы астында келген, бирок көптөгөн жазуучулар жасалма шаблонго каршы турушкан. Учурда ад-тынын негизги темасы улуттук каада-салт ж-а акыл-ой байлыгы болууда. 21-к-дын башталышында ад-ттагы кризисти жоюу тенденциясы байкалууда. Прозасында коррупцияга, кылмыштуулукка ж. б-га анализ берүү колдонулууда. «Аялдар» ад-ты активдүү өнүгүүдө.
Өлкөнүн аймагындагы байыркы эстеликтер (карапа, кооз буюмдар ж. б.) неолит дооруна (б. з. ч. 6-миӊ жылдык чен) таандык. Коло ж-а темир доорундагы курулуштар дольмендер тарабынан курулган. Фракия мад-тынын курулуштарынан өтө сейрек кездешүүчү эстеликтери (Казанлык аймагында) сакталган. Фракия мурасын Вылчитрына, Рогозена алтын, Панагюриштен казыналары (б. з. ч. 4-к-дын аягы – 3-к-дын башы) толуктайт. Казанлыктан анча алыс эмес жерден Одрис падышалыгынын борбору Севтополистин (б. з. ч. 4–3-к.) калдыгы сакталган. Анда суу куурлары, цитадель сарайы м-н табылган. Археол. табылгалар (карапа, монета, коло ж-а баалуу металлдардан жасалган буюмдар) Фракия м-н Грекия тыгыз байланышта экенин күбөлөндүрөт. Коргонуу үчүн курулган курулуштардын калдыктары Софияда, Пловдивде, Варнада, Ивойловградка жакын ж. б. жерлерде сакталган. Булар курулуш техникасынын жогорку деӊгээлде өнүккөнүн далилдейт. Эрте византия доорунда христиан храмдары пайда болуп, живопись м-н кооздолгон. Биринчи болгар падышалыгы (680–1018) пайда болгондон баштап Б-нын иск-восу калыптана баштайт. Ал доордун алгачкы арх-ра эстеликтери таш чептеринин калдыктары ж-а Плиска м-н Преславдагы сарайлар (9–10-к.). Экинчи болгар падышалыгы мезгилинде (1187–1396), Тырново көркөм иск-вонун негизги борборуна айланган. Тырноводогу бул көркөм мектеп 9–10-к-дагы арх-рага караганда курулуштардын чакандыгы ж-а декорациясы м-н айырмаланат. 13–14-к-да болгар живописи м-н миниатюрасы гүлдөп өнүгөт. Осмон түрктөрү басып алгандан кийин мурдагы маданий мурастардын көпчүлүгү жок кылынган. 18–19-к-да болгар улуттук иск-восу өнүгө баштаган. Ал доордо Риль монастырынын 3 корпусу (1816–19; Алекси Рилец), чиркөө, кербен сарайлар тургузулган. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы өкүлдөрү жерг. көркөм мектептерден таасирленишип, икона тартышса, 19-к-да диний сүрөт канондорунан бошоно башташкан. Белгилүү сүрөтчүсү Захарий Зограф замандаштарынын портретин тартып, реалдуу турмушту чагылдырган. Экинчи болгар падышачылыгы мезгилинде биротоло Византияга көз каранды эмес өз алдынча иск-во калыптанат. Тырноводо (учурда Велико-Тырново) таштан падыша сарайы, көптөгөн храмдар, чиркөөлөр, «Баба Вида» (12–14-к; Видинда) капкасы салынган. Осмон түрктөрүнүн эзүүсүнөн бошонгондон (1878) кийин, иск-восуна, арх-расына акырындап европалык көркөм сүрөт процесси кире баштаган. Өлкөнүн жаӊы борбору Софиянын хан сарай, улуттук театр, Александр-Невскийдин храмэстелиги пайда болуп, аянттары ж-а парктары монументтер м-н кооздолгон. Арх-расында экллектизм, неоклассицизм, улуттук романтизм тенденциялары пайда болуп, функционализм өнүгөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар куруу башталып, шаарлары реконструкцияланып, жаӊы өнөр жайлуу шаарлар (Димитровград, Мадан ж. б.) өсүп чыкты. 20-к-дын 2-жарымынан иск-во улуттук каада-салт ж-а жаӊы тенденциялар м-н коштолуп өнүгүүдө. 21-к-дын көрүнүктүү живописчилери: Д. Казаков, И. Кирков, С. Русев, графикчилери: Р. Скорчев П. Чуклев, С. Стоилов, скульпторлор: Л. Далчев, В. Минеков, В. Старчев, Г. Чапкынов.
М у з ы к а с ы н д а улуттук музыка чоӊ роль ойнойт. 9-к-дан чиркөө ырлары өнүгүп келген (Византиянын таасиринде). Ионна Кукузелянын аты м-н чиркөө ыры өтө байланыштуу. 21-к-дын башталышына чейин чиркөө-ыр мектеби сакталган. Учурдагы музыкасы 19-к-дын 3-жарымынан өнүккөн. Алгач чет элдик музыканттардан (негизинен чехтер) таасирленишкен. 1880-ж. Софияда 1-өз алдынча оркестр (Гвардия) түзүлгөн. 1890–92-ж. опера труппаларын түзүүгө аракеттенишкени м-н хор коллективдери пайда болгон. Улуттук композиторлор мектебин Э. Маналов (1-болгар «Кайырчы» операсынын автору), А. Букорештлиев, А. Морфов, П. Пипков, Н. Атанасов (1-болгар симфониясынын автору, 1912) негиздешкен. Д. Христов фольклор музыкасын негиздесе, Г. Атанасов операны («Гергана», «Цвета») уюштурса, 1908-ж. труппа түзүлгөн. Болгар вокалдык мектеби дүйнөгө таанымал. Б-да опера театрлары (София улуттук, Стара-Загорадагы мамл., Пловдивде мамл.), камералык опера (Благоевградда), опера театрлары (Бургас, Русе), муз.-драма театрлары (Велико-Тырново), Б-нын радио ж-а телекөрсөтүүсүнүн симфониялык оркестри, С. Обретенов атн. хор капелласы ж-а коллективдери иштейт. 1946-ж. болгар композиторлор, 1965-ж. болгар муз. ишмерлер союздары, 1921-ж. Болгария мамл. муз. академиясы, 1948-ж. БИАнын астында музыка ин-ту ачылган. Б. Христов атн. Жаш опера ырчылар, Г. Димитров атн. май хор, «Алтын Орфей» эстрада ырчылар конкурстары, Варна жайы (1926), Руседеги март музыка күндөрү (1961), София муз. аптасы (жыл сайын, 1970) фестивалдары өткөрүлөт. Улуттук т е а т р өнөрү 19-к-дын ортосунан өнүгө баштаган. 1840-ж. улуттук мектептерде болгар тилинде драмалык диологдор коюлуп келген. 1856-ж. театрлаштырылган оюндар Ломе ж-а Шуменде көрсөтүлгөн. 1881-ж. алгачкы профессионалдык (Пловдивде), 1888-ж. «Основа» Болгар улуттук театры, 1892-ж. драма труппалары (учурда «Иван Вазов» театры), Улуттук актёрлор мектеби ж-а драматургия түзүлгөн. 1897–1905-ж. көчүп жүрүүчү театрлар (Роза Попова ж. б.) пайда болгон. Москва көркөм театрынын актёру Н. О. Массалитинов (Улуттук театрда 1925–61-ж. иштеп 1944-ж. чейин көркөм жетекчи, студия мектебин түзгөн), жазуучулар И. Йовков, С. Л. Костов, Р. Стояновдор м-н бирдикте иштеп, болгария драматургиясынын өсүшүнө зор салым кошкон. 1945-ж. Софияда Улуттук жаштар театры, 1946-ж. коллективдүү куурчак театр, 1948-ж. мамл. жогорку театр окуу жайы (учурда театр ж-а кино иск-во улуттук академиясы), 1950–60-ж. бир нече театрлар («Болгар армиясы», «Апостол Карамитев», сатира театры ж. б.) ачылган. Белгилүү актёрлору: М. Дупаринова, А. Карамитева, И. Кондов, Т. Массалитинова, С. Славова ж. б. «Сфумато» театр мектеби, «За каналом» шаардык кичи, «La Strada», «Ателье 313» театрлары (баары Софияда) иштейт. Режиссёрлору – И. Добчев, М. Младенова, С. Камбарев, А. Морфов, С. Москов. Софияда, Пловдивде, Варна ж. б. шаарларда театр фестивалдары өткөрүлөт.
Алгачкы к и н о с у эл алдында 1897-ж. эле көрсөтүлгөн. 1900–10-ж. даректүү картиналары жаралган. 1915-ж. театр актёру В. Гендов «Сыпайы болгарин» комедиясын тарткан. 1919-ж. «Лунафильм» АК, 1939-ж. 1-мамл. кино ишканасы «Болгария иши» түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1950-ж. толук метраждуу фильмдер «Бүркүт Калин», «Тревога», «Сентябрь баатырлары», «Эзүү алдында» ж. б. тартылган. 1972-ж. «Дөшү же балка» (СССР ж-а Германия м-н бирдикте), 1979-ж. «Барьер» фильмдери Москвада өткөн кинофестивалда байгелүү орундарга жетишсе, «Сүйүү» фильми (1972) баш байгеге ээ болгон. 1990-ж. чет өлкөнүн жардамы м-н И. Ничев («Иван ж-а Александра», «Бай Ганьо Европада жүрөт» ж. б.), Л. Тодоров («Жүгүргөн иттер», «Бир шалпаӊ кулактын сүйүү жайы», «Эмилинин достору»), Дюлгеров («Кара чабалекей») кино жаратышкан. А. Кулев 2002-ж. «Госпожа Динозавр», К. Бонев «Кечээки тамакты ысытуу керек» (Македония м-н бирдикте), 2003-ж. «Кудай бизди көрүш үчүн көктөн түштү» фильмдери (Франция м-н бирдикте) тартылган. 1961-жылдан Варнада кинонун улуттук фестивалы, 1979-жылдан анимация киносунун эл аралык фестивалы ж. б. өткөрүлөт. Софияда Улуттук кино борбор ж-а синематика иштейт.
Байыртадан эле Б-да спорт мелдештери, ат үстүндө ойноо, оор нерсе көтөргөн, акробатиканы, аркан м-н басканды, пантомима, куурчак оюндарын көрсөткөн труппалар болгон. Бул у л у т т у к ц и р к өнөрүнүн пайда болушуна алып келген. 1886-ж. Софияга япон труппасы келип, 1-жыгач циркти курган. 1910-ж. Панайотов цирк мектебин түзүп, анда Я. Георгиев,
Е. ж-а А. Пырвановдор, П. ж-а Г. Пенчевдер, Т. Пиронков, А. Димитров билим алышып, кийинчерээк өз труппаларын түзүшкөн. 1920-ж. Л. Добрич дүйнөлүк атакка «Өлүм трапециясы» номери м-н жеткен. 1957-ж. цирктин туруктуу имараты курулуп, 1990-жылдан мамл. цирк иштей баштаган. Белгилүү цирк артисттери: клоун В. Козаров, жонглёр А. Божилов, гимнасттар Пановдор, акробаттар Пырвановдор, эквилибрист А. Балканский, иллюзианист Х. Евстатнев. 1990-жылдан менчик цирк-шапито иштейт.
Ад.: География на България. София 1997. Ч. 1: Физическая география; Литаврин Г. Г. Византия, Болгария и Древняя Русь (IX – нач. XII в.). М., 2000; Христианство в странах Восточной, Юго-Восточной и Центральной Европы на пороге второго тысячелетия. М., 2002; История литератур западных и южных славян. М., 1997 – 2001. Т 1–3; Игов С. История на българската литература, 1878–1989. София, 2001.