БОЛЖУРОВА
БОЛЖУРОВА Ишенкүл Садыковна (22.12. 1951-ж. т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Тасма айылы.) – педагогика илимд. доктору (2006), тарых илимд. кандидаты (1978), проф. (1999). КРдин билимге эмг. сиӊ. кызматкери (1997),
II класстагы мамл. кеӊешчи (2003). ММУнун аспирантурасын бүтүргөн (1976). КМУда окутуучу, Кыргыз ССР ИАнын тарых ин-тунда окумуштуу секретарь (1978–83), Партия тарыхы ин-тунда улук ил. кызматкер (1983–91), БГУда проректор (1992), ректор (1994–2002), КРдин билим ж-а маданият министри (2002–04), КРдин вице-премьер министри (2005), КУУнун ректору (2006), КМШ ж-а ЕврАзЭСтин чегинде интеграциялык кызматташтык маселелери б-ча КРдин Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү (2006), КРдин билим берүү ж-а илим министри (2007–2009). Беларуссиянын Кырг-ндагы элчиси (2009–2010), 2019-жылдан КР ТИМдин коомдук кеңешинин төрайымы. 100дөн ашык ил. иштери тарыхка, социологияга, педагогикага арналган. Даӊк медалы, Россиянын Дружба ордени, ЕврАзЭСтин алтын медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Кыргыз ССР тарыхы. 1–4 т. (авторлош). Ф., 1990; БГУ – изденүүнүн жана өнүгүүнүн жолунда 20 жыл. Б., 1999; Не заблудиться в лабиринтах истории. Б., 2001; Образование в Кыргызстане: стратегия и реалии переходного периода. Б., 2005.
