БОЛИВАР
БОЛИ́ВАР Симон (24. 7. 1783, Венесуэла, Каракас – 17. 12. 1830, Колумбия, Санта-Марта) – Америкадагы Испания колонияларынын көз каранды эместиги үчүн күрөштүн жетекчилеринин бири. Жаш курагын Европада өткөргөн. Мекенине кайтып келген Б. Венесуэлада испан үстөмдүгүн кулатып, аны республика (1811) деп жарыялоого активдүү катышкан. Респ-ны испандыктар кыйраткан соӊ Жаӊы Гранадага (азыркы Колумбия) кетет. 1813-ж. Б-дын аскерлери Каракасты алып, өзү башында турган 2-Венесуэла респ-сын түзөт. 1813-ж. Венесуэланын Улуттук конгресси тарабынан «Боштондукка чыгаруучу» деп жарыяланган. Бирок, ал 1814-ж. жеӊилүүгө учурап, мекенин таштап кетүүгө аргасыз болот. 1816-ж. Б-дын аскерлери кайрадан Венесуэлага келишет. Анын кулчулукту жоюу (1816) ж-а аскерлерге жер бөлүп берүү (1817) декреттери жалпы элдин колдоосуна ээ болот. 1819-ж. Б-дын аскерлери Жаӊы Гранаданы бошотуп, курамына Венесуэла ж-а Жаӊы Гранада кирген Улуу Колумбия Респ-сын түзөт. Б. анын президенти болуп шайланат. 1824-ж. Б. Перуну испандыктардан бошотуп, Жогорку Перуда анын урматына аталган Боливия Респ-н башкарып калат. Латын америкалык жаш мамлекеттерди бириктирүүгө аракеттенген Б-дын планы иш жүзүнө ашпай калат. Өлкөдө башталган сепаратисттик кыймылдар Б-дын бийлигинин кулашына алып келген ж-а анын натыйжасында 1830-ж. Б. отставкага кетет.
