БОЛИВИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛИ́ВИЯ , Б о л и в и я Р е с п у б л и к а с ы – Түш. Американын борб. бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүгүнөн ж-а түн.-чыгышынан Бразилия, түш.-чыгышынан Парагвай, түштүгүнөн Аргентина, түш.-батышынан ж-а батышынан Чили ж-а Перу м-н чектешет. Аянты – 1098,58 миӊ км2. Калкы 9,2 млн (2020); кээ бир маалыматтар

б-ча 11,6 млн. Расмий ж-а сот бийлигинин борбору – Сукре, анык борбору – Ла-Пас ш. (өкмөт жайгашкан). Мамл. тили – испан, аймара, кечуа тилдери. Адм.-аймактык жактан 9 департаментке бөлүнөт (табл.). Акча бирдиги – боливиано. Б. БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Америка мамлекеттери уюмунун, Латын Америкасы интеграциялык биримдигинин, Рио-де-Жанейро тобунун мүчөсү.
Таблица бар
Б. – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Улуттук Конгресс (Сенаторлор ж-а Депутаттар палатасы).
Саясий партиялары: Улуттук рев-ялык кыймыл, Социализм үчүн кыймыл, Солчул рев-ячыл кыймыл, Республикалык жаӊы күч.
Өлкөнүн 2/3 бөлүгүн дөӊсөөлү түздүк ээлеп түн.-чыгышты көздөй жайык дарыя өрөөндөрү жатат. Чыгыш жагы Пантанал ойдуӊуна өтөт. Батышы м-н түш.-батышында (аймагынын 1/3) Анд тоолор жатат. Тоолуу аймагынын басымдуу бөлүгүн тоо аралык Альтиплано платосу (бийикт. 4500 мге чейин) ээлейт. Батыш Кордильерадан чыгышты карай Сахама тоосу (бийикт. 6520 м) созулуп жатат. Альтиплано платосунун түш. жагын бийикт. 6020 мге жеткен Кордильера-де-Липес тоосу, чыгышты көздөй Борб. Кордильера, а. и. Кордильера-Реаль (бийикт. 6550 м – Б. эӊ бийик чокусу, Анкоума тоосу) тоосу жатат. Тайпак тоонун климаты тропиктик бийик тоолуу, кургак (орт. айлык темп-расы 3°Сден 11°Сге чейин, жылдык жаан-чачыны 150–600 мм). Анд тоолорунун чыгыш капталдарына ландшафттык бийиктик алкактуулугу (жаан-чачыны 2000 ммге чейин) мүнөздүї. Чыгышындагы түздүктөрдүн климаты тропиктик (айлык орт. темп-расы 17°Сден 28°Сге чейин, жаан-чачын 800–1000 мм). Батышындагы дарыялары Альтипланонун ички алабына (Бени, Маморе, Гуапоре) Чыгышы Атлантика океанынын алабына кирет. Туздуу Койпаса көлүнө Баррас, Лаука ж. б. суулар куят. Б-да суусу мол Бени, Маморе, Гуапоре д. бар. Негизги дарыясы – Пилькомайо. Пантанал саздуу ойдуӊу м-н Парагвай д. агып өтөт. Өсүмдүктөрү түш.-батыштан түн.-чыгышка карай (чөл өсүмдүктөрүнөн гилеяларге чейин) өзгөрөт. Аянтынын 40%тен ашыгын баалуу жыгачтарга бай токой массиви ээлеп, дарактын 2 миӊден ашык түрү кездешет. Коргоого алынган 17,8 млн га жерде 36 корук бар, анын 12си улуттук парк, ирилери: Каа-Лья, Мадиди, Ноэль-Кемпфф-Меркадо; Исиборо-Секуре – Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Бийик тоолуу чөл. Арткы планда Альтиплано платосу.
Ла-Пас шаарынын жалпы көрүнүшү

Калкынын көпчүлүк бөлүгүн кечуа ж-а аймара индейлери түзөт. Алар Пуна бөксө тоосунда ж-а бийик тоолуу өрөөндөрдө жашашат. Орт. жыштыгы 1 км2ге 8,4 киши. Католик динин (95%) тутат. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 61,8, аялдарыныкы – 66 жаш. Шаар калкы – 58%. Ири шаарлары: Санта-Крус, Кочабамба, Оруро, Потоси.
Б-нын аймагында байыртадан эле индей уруулары жашап келген. 2–6-к-дарда бул жерлерде өнүгүү жогорку деӊгээлде болгон. 4-к-да аларды инктер багындырып алышкан. 1523–38-ж. инктерди испандыктар басып алып, аймакты колонияга айландырган. 1542-жылдан Перу вице-королдугунун, 1776-жылдан Ла-Плат вице-королдугунун курамына кирип, Жогорку Перу аталып калган. Жогорку Перу Испаниянын Түш. Америкадагы эӊ негизги экон. борбору эле. Потосидеги күмүш кени ал учурда дүйнөдөгү эӊ ири кен болгон. Кендерде индей-митайостор милдеттүү түрдө иштешкен. Индейлер колониячыларга каршы айыгышкан күрөштөрдү жүргүзүшкөн (Тупак Амарунун башчылыгы м-н болгон көтөрүлүш өзгөчө белгилүү). 1810–26-ж. көз каранды эместик үчүн болгон күрөштүн натыйжасында Жогорку Перу С. Боливардын аскерлери тарабынан колониялык эзүүдөн кутулуп, 1825-ж. анын урматына көз каранды эмес, Боливия мамлекети жарыяланган. 19-к-дын ортосунан өлкөгө чет элдик, айрыкча англ. капитал келе баштайт. 1879–83-ж. Б. Чили м-н согушуп, аймагынын бир бөлүгүнөн ажырайт да Тынч океанга чыга албай калат. 19-к-дын аягында Б-да калай кендери ачылып, бирок аларды чет өлкөлүк монополиялар ээлеп алган. 1932–35-ж. Б. м-н Парагвайдын ортосунда согуштун жыйынтыгында, Б. Чако аймагында нефть чыгуучу жерлеринен ажыраган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ар түрдүү аскердик ж-а саясий топтор арасында бийлик үчүн узак жылдарга созулган күрөш жүргөн. 1952-ж. өлкөдө рев-я болуп, калай кендери мамлекеттештирилип, агрардык реформа жүргүзүлгөн. 80-ж-дын башында Б-да саясий туруксуз абал өкүм сүргөн. 1985-ж. шайлоодон кийин өлкө президенттик башкарууга өткөн. 1993-ж. шайлоодо президенттикке талапкерлердин бири да жетиштүү добушка ээ боло албай, Улуттук конгресстин чечими м-н Гонзало Санчес Бустаманте де Лосада президент болуп шайланган (2002-ж. кайра шайланган). Ал нефть ж-а газ тармактарын менчиктештирүүнү баштаган. 2003-ж. көпчүлүк боливиялыктар үчүн агрессор катары саналган, Чилинин аймагы аркылуу газды экспорттоого каршы башталган элдик көтөрүлүштүн жүрүшүндө президент өлкөнү таштап качып кетүүгө аргасыз болгон. Бийликке вице-президент К. Меса келген. 2004-ж. өлкөдө газ ж-а нефть б-ча элдик референдум өткөрүлүп, көпчүлүк добуш м-н бул тармактар мамлекетке кайтарылган ж-а чет өлкөлөргө Перунун порттору аркылуу экспорттоло баштаган. 2005-ж. Меса кызматтан кетип, жалпы шайлоодо солчул синдикалист Эво Моралес Айма бийликке келген. Ал Б-нын тарыхында өлкөнүн президенттик кызматын ээлеген биринчи индеец болгон. Б-да демокр. ж-а маданий революция башталып, саясий үстөмдүккө солчул радикалдык индеецтер, синдикалисттер ж-а «Социализмге карай кыймыл» партиясы ээ болгон. 2006-ж. Моралес өкмөтү мунай ж-а газ тармагын улутташтырган. 2009-ж. референдумда жаңы Конституция кабыл алынган. Жаңы конституцияга ылайык мамлекет экономиканын негизги тармактарын көзөмөлгө алып, газ ж. б. жаратылыш байлыктарын улутташтырган. О. эле католик дини мамл. дин статусунан ажырап, өлкөнүн түпкүлүктүү калкы – индейлердин укуктарын кеңейткен. Испан тилинен тышкары өлкөдөгү индей элдеринин тилдери расмий тил деп жарыяланган. Индей жамааттары өлкөнүн аймактары катары мыйзамдаштырылган. Азыркы учурда Колумбия ж-а Перу м-н катар Б. дүйнөлүк рынокко негизги кокаин ташуучу болуп эсептелет. БУУнун маалыматы б-ча өлкөдө кокаин плантацияларынын аянты 23 миң гектардан ашык. 2019-ж. шайлоодо Эво Моралес кызматтан кетип, 2020-ж. Б-гы жалпы шайлоонун жыйынтыгы м-н бийликке Луис Арсе келген.

Э к о н о м и к а с ы н ы н негизин тоо-кен өнөр жайы түзөт. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 22,3 млрд доллар (2004; АКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 2600 доллардан туура келет. ИДПдагы өнөр жайдын үлүшү 33,2%, а. ч-ныкы 15%, тейлөө чөйрөсүнүкү 51,8% (2004). Сурьма (2,3 миӊ т дүйнөдө 1-орунда), калай (13,2 миӊ т, дүйнөдө 5-, Латын Америкасында 2-орунда), күмүш (460 т, 10-орунда), вольфрам (474 т), висмут, Түш. Америкадагы казылып алынган алтындын 10%. Жаратылыш газы (4,1 млрд м3, 2004), нефть (2,16 млн т) казылып алынат. 2004-ж. 3,9 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Ири өнөр жай борбору – Ла-Пас ш. Анда тамак-аш, текстиль тигүү, булгаары-бут кийим, целлюлоза-кагаз, полигр., курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Б-нын аймагынын көпчүлүк бөлүгү а. ч-нын өнүгүшүнө

Бийик тоо аркылуу өткөн кара жол.
Боливия акчасы.

жараксыз. А. ч-га жарактуу жери 26,6%, а. и. 24,4% жайыт, 2% айдоо аянты. А. ч. Продуктусунун 3/4 бөлүгүн жашылча өстүрүү берет. Негизги өсүмдүктөрү: соя, балкамыш, кофе, жүгөрү, шалы, күн карама, пахта, жемиштер (негизинен цитрус өсүмдүктөрү, банан). Гевея ширеси, хинна дарагынын кабыгы чогултулат. Антиплано платосунун айдөш капталдарында тектир дыйканчылыгы (жүгөрү, арпа, буудай, таруу, буурчак, картөшкө) өнүккөн. Бодо мал, кой, чочко бийик тоолуу райондорунда лама, альпака, кой асыралат. О. эле а. ч-нда наркотик өсүмдүктөрүн өстүрүү (Чыгыш Кордильеранын этегинде) маанилүү орунду ээлейт. Анын аянты 24 400 га (дүйнөдө 3-орунда). Өлкөнүн экономикасынын 50% наркобизнеске көз каранды. Темир жолунун уз. 3519 км (2004), автомобилдики 53,8 миӊ км (а. и. 13 миӊ кми асфальтталган). Ички суу жолунун уз. 10 миӊ км (Орьенте д.). Титикака көлүндө үзгүлтүксүз кеме жүрөт [Гуаки ж-а Пуно (Перу) портторунун ортосунда]. Газ куурунун уз. 4,86 миӊ км, нефтиники 2,5 миӊ км, азык-түлүк ташылуучу куурдуку 1,6 миӊ км (2004). Б-да 16 аэропорт, 3 улуттук, 11 чет өлкөлүк авиа компания иштейт. Сыртка жаратылыш газын, соя ж-а анын продуктуларын, түстүү металлдарды (калай, сурьма, вольфрам, висмут), цинк, коргошун, жез концентраттарын, алтын, иштетилбеген жыгач чыгарат. Сырттан машина ж-а анын жабдууларын, чийки зат ж-а полуфабрикат, хим. товарларды, нефть, азык-түлүк алат. Негизги соода шериктештери: Бразилия (экспорт, импорт), АКШ (экспорт, импорт), Венесуэла, Аргентина, Перу (экспорт, импорт) ж-а Чили.
Ш. Керимова.
Б-да алгачкы мектептери 16-к-да пайда болгон. 1825-ж. республика орногондон кийин ак сөөктөр мектеби пайда болгон. 1874-ж. милдеттүү башталгыч билим ж-дө мыйзам чыгарылган. 1955-ж. билим берүү ж-дөгү реформага ылайык 7–14 жашка чейинки балдарды милдеттүү түрдө окутуу киргизилген. Китепкана, музей, опера-балет театрлары өнүгө баштаган. 18-к-га чейин айрым тарыхый чыгармалар гана пайда болгон. Өлкө көз карандылыктан кутулгандан кийин гана (1826) Б. ад-ты европ. романтизмдин таасири астында өсүү жолуна түшкөн. Р. Х. Бустаманте, Н. Галиндо, Н. Агирре, Х. Х. Мора ж. б. ошол кездеги көрүнүктүү акын-жазуучулары болгон. Чыгармаларында индейлердин оор турмушу, эркиндикке болгон күрөшү, ж. б. социалдык маселелери сүрөттөлгөн. Р. Хаймес Фрейре, Ф. Тамайо, Г. Рейнольдстун ырлары башкалардан музыкалуулугу м-н айырмаланган. 20-к-да проза жанры индихенизм багытында өнүккөн. Буга А. Аргедас, Х. Мендос, А. Сеспедес, Х. Лардын чыгармалары мисал боло алат. 19-к-дан баштап сүрөт өнөрү, живопись, графика, арх-ра өнүгө баштаган. Европ. стилдеги мекеме-ишканалардын, турак-жайлардын саны көбөйгөн. Таш ж-а кыштан (саман кошулган) курулган индейлердин «кинча» тибиндеги (каркас сыяктуу) храм, чиркөөлөрү сакталып калган. Сан-Франсиско (арх. Х. Агустин, Ф. Чаваррия), Сан-Лоренсо (фасад,1728–44), Ла-Компанья (фасад, 1700–07) чиркөөлөрү бар. Ошол мезгилдеги мастерлер бир эле убакта арх-лык ж-а скульптуралык милдетти аткарышкан. Кийин арх-ра классицизм багытында өнүккөн. Потосидеги собор (1809–36, арх. М. де Санауха), Ла-Пасдагы Өкмөт үйү (1853, 1883-ж. Кайра курулган, арх. Н. дель Прадо) ири имараттарынын бири болгон. Чукисака, Потоси, Кольяо деп аталган үч Сүрөт борбору бар. Б. Битти, Д. де Оканья, Д. Киспе, Д. Нуньеса, Ф. Мартинеса, Х. Пасторелло, Х. Франсискус сыяктуу ж.б. таланттуу сүрөтчүлөр живопись жанрына көбүрөөк көӊүл бурушкан. 1940–50-жылдары арх-ра интернационал стилине өтө баштаган, кийин 1960–70-жылдары типтүү проектиге негизделген. Музыка өнөрүндө негизинен креоль ж-а индей салтын сактаган. Перу, Эквадор, Аргентинанын Түн.-Батыш тарабындагы элдердин музыкасына жакын. Театрлаштырылган оюн-зоок фестивалдары көбүрөөк өткөрүлөт. «Диарио», «Пренса», «Расон», «Мундо», «Периодико опиньон» сыяктуу күн сайын чыгуучу көлөмдүү гезиттери, «Радио насьонал де Боливиа» радиостанциясы ж-а телекөрсөтүүсү (1970), өкмөттүк информациялык агентчиликтери бар.
Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка. М., 1958; Сашин Г. З. Боливия: Очерки новейшей истории. М., 1976.