БОЛИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛИ́Д (fireball), к у й р у к т у у ж ы л д ы з – эӊ чоӊ ж-а өтө жаркырак метеор («оттуу шар»). Жылына он миӊдей Б. учуп, жер атм-сына түшүп турат. Ал атм-да майдаланат ж-а толук бууланып кетет, кээде жер бетине метеорит түрүндө түшөт. Кыйла жарык Б-ди күндүз да байкоого болот. Түнкүсүн болсо кабыкчасы ж-а куйругу көрүнөт. Б. учканда иондошкон газдан ж-а чаӊдан турган из калтырат. Бул из стратосферадагы шамалдын таасиринен ийри-буйру формага ээ болуп, бир нече минута көрүнөт. Б. учканда кээде күркүрөгөн үн чыгарат. 1908-ж. Сибирде өтө чоӊ Б. көрүнгөн.