Ватикан.
ВАТИКАН (Ыйык Так) Тайвандын эң эски (1942) дипломатиялык өнөктөшү жана азыр Кытай Респупликасынын (Тайвань) расмий түрдө тааныган Европадагы эл аралык укуктун жападан жалгыз эгемен субъекти болуп саналат. Ватикан дүйнөнүн 174 өлкөсү менен дипломатиялык мамиледе, аларда папалык элчилер өкүлчүлүк кылат. 15 эл аралык уюмдун, анын ичинде ДСУ, ЮНЕСКО, ЕККУ жана ФАОнун мүчөсү.