ЛАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАД (латынча modus) – 1. музыкалык добуштардан эң туруктуу, эң таянычтуу добуш – тониканын айланасында добуштун топтоштурулушу, алардын өз ара байланыш системасы. Лад баскычтарынын катары менен добуштардын жайгашуусу гамманы түзөт. Лад туруктуу жана туруксуз добуштарга бөлүнөт. Лад туруктуу добуштарында чыгарма жана музыкада ой бүтөт. Тоника ладдын музыкадагы ролу мажордук (кара: Maжор) жана минордук (кара: Минор) ладдарга байланышкан. Мажордук ладдын туруктуу добуштарын мажордук үч үндүк, минордукунан болсо минордук үч үндүк түзөт. Ладдык секундалар катары менен чоң-чоң, кичинe, чоң, чоң, чоң жана кичине болуп жайланышса, андай гамма натуралдык мажор делет. Ал ладдын секундалары катары чоң 2, кичине 2, чоң 2, чоң 2, кичине 2, чоң 2 жана чоң 2 болуп жайланышса, андай гамманы натуралык минор дейбиз, Музыкада мына ушундай бир нече лад системасы бар. Ар бир элдин музыкалык маданиятында ладдын жалпы окшоштук касиеттери да, жекече колорити жана улуттук өзгөчөлүгү да болот. Кыргыз музыкасында диатоникалык, пентатоникалык лад системасы кездешет. 2. Кылдуу чертме музыкалык аспаптардын моюндарына туурасынан тагылган белгилүү бийиктеги үндөрдү чыгаруучу орунду көрсөтүүчү металл зымдар, кылдар.