МАССАЛЫК ЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАССАЛЫК ЫР – мазмуну, эстетикалык татыктуулугу, обондук таасирдүүлүгү, түшүнүктүүлүгү боюнча кеңири эл катмарынын сүйүп, эңсеп ырдаган ырларына айланган вокалдык чыгармалар. Адатта массалык ыр мезгилдин урунттуу, курч маселесин камтыйт да, калың элдин оюн, мүдөөсүн, тилегин чатылдырат (мисалы, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги «Катюша», «Ыйык согуш» жана башкалар).