НЪУБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЪУБА (араюча нъуба – кезектеш, катарлаш) – араб музыкалык маданиятындагы оозеки салттагы адистик музыкасынын «Андалусия салты» деп аталган багыты. Нъуба өзөгүн IX кылымда Багдадда калыптангандан тартып Магриб өлкөлөрүнө тарала баштаган. Бүгүнкү ар бир нъуба (алардын жалпы саны 9-15 чейин) истифтах, мчалия, тушейя, мссаддар сыяктуу аспаптык жана мувашшах сыяктуу вокалдык бөлүктөрдөн турат. Азыр нъубанын тунистик (малуф), алжирдик (сана), марокколук (гирнати) сыяктуу стилдери бөлүнүп чыккан. Алар нъубанын Севильяда (малуф), Кордовада (сана), Гренадада (гирнати) жаралган салттарын өнүктүрүүдө. Нъубаны хор, ырчы жана уд, канун, най, ребаб, дарабукадан турган аспаптык ансамбль аткарат.