ОРКЕСТРИОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРКЕСТРИОН – 1. Мануалдык баскычтуу, көп регистрлүү, көтөрүп жүрмө орган. 1780-жылы И. Фоглер тарабынан жасалган. 2. Фортепьяно түрүндөгү ойноо тетиктери, тартылган кылы бар орган түрү. 1791-жылы А. Т. Кунц жасаган. 3. Өзү ойноочу механикалык аспап. Ал оркестрди тууроо үчүн жасалган. Аспаптын тетиктери пружинанын жардамы менен кыймылга келет.