БАКАЛООР БУТТУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:55, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЛООР БУТТУУЛАР (Вгаnсһіороdа) – өтө жөнөкөй түзүлүштөгү рак сымалдар классчасы. Кембрий мезгилинен бери белгилүү. Башы көкүрөк сегменттери менен бирикпейт. Фасеттүү көзү бар. Жалбыракка окшош буттары сүзүү­гө, дем алууга жана азыктанууга жардам берет. 740ка жакын түрү бар. Көбүнчө тузсуз суулар­да кезигет. Деңизде сейрек учурайт. Бакалоор буттуулар жана жалбырак буттуулар деген 2 түркүмгө ажыра­тылат.