БАКИР
БАКИР уулу Турсунбай (17. 03. 1958-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу шаары) – коомдук ишмер, КРдин алгачкы Акыйкатчысы (2002-жылдан). КМУнун тарых факультетин (1984), Киев мамлекеттик университетинин

аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1975–1977-жылдарда «Ош курулуш» трестинде, Фрунзе темир-бетон буюмдарын жасоочу заводунда жумушчу, 1984–1995-жылдарда ОшМУда окутуучу, улук окутуучу болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995–2000; 2000–2002). Философия илимдеринин кандидаты (1990). Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. Акыйкатчы (Омбудсмен) катары жарандардын укугун өлкөдө жана эл аралык деңгээлде коргоп келген. Медалдар менен сыйланган.