БАНДУНГ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1955)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНДУ́НГ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1955) Азия ж-а Африканын 29 өлкөсүнүн катышуусу м-н Бандунгда (Индонезия) 1955-ж. 14–18-апрелде өткөн. Б. к-н чакыруу ж-дө Индия, Бирма, Индонезия, Пакистан ж-а Цейлондун премьер-министрлеринин Коломбодо өткөн кеӊешмесинде (1954-ж., апрель) макулдашылган. Алардан тышкары конф-яга: Афганстан, Камбожа, Кытай, Египет, Эфиопия, Алтын Жээк, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Непал, Филиппин, Сауд Аравиясы, Судан, Сирия, Таиланд, Түркия, Вьетнам Демокр. Респ., Түш. Вьетнам, Йемен катышкан. Б. к-нын катышуучулары колониализмди, расачыл сегрегацияны ж-а дискриминацияны айыптап, Камбожа, Цейлон, Япония, Иордания, Лаос, Ливия, Непал ж-а Бириккен Вьетнамды БУУга кабыл алуу өтүнүчү ж-а Коопсуздук Советинин убактылуу мүчөлөрүнүн ордун бөлүштүргөндө Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн өкүлдүктөрүнө карата геогр. принципти туура колдонуу тууралуу Коопсуздук Советине кайрылган. Б. к. өлкөлөрдү экон. ж-а маданий кызматташтыкка, куралсызданууга, атомдук ж-а термоядролук куралдарды чыгарууга, сыноого ж-а колдонууга тыюу салууга; бардык талаш-тартыш маселелерди тынчтык жол м-н жөнгө салууга чакырган. Б. к. Азия, Африка элдеринин улуттук аӊ-сезимин өстүрүүгө, улуттук-боштондук кыймылынын өөрчүшүнө жардам берген.