БАКИРОВ Апас
БАКИРОВ Апас (12. 02. 1935-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Түгөл-Сай кыштагы) – илимпоз-геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1974), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1984), академиги (1997). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). ФПИнин

тоо-геология факультетин бүтүргөн (1957). КР УИАнын геология институтунун кенже, улук илимий кызматкери, лаборатория башчысы (1957), Кыргыз ССР ИАнын президиум мүчөсү (1984–1988), директору (1988–2005) болуп иштеген. Эмгектери Теңир-Тоонун геологиялык түзүлүшүнө, тоо тек катмарларынын стратиграфиясына, пайда болуу шартына, геодинамикасына, металлогениясына, жалпы геологиясына жана Жер жөнүндөгү илимдердин философиялык маселелерине (ноосферология) жаңы багыттарды берген. Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндөгү метаморфизмге дуушар болгон тоо тектердин петрологиясын изилдеп, метаморфизм менен тектониканын байланышын аныктаган. Бакиров – 210 илимий эмгектин, анын ичинде монографиялар жана атайын адистештирилген геологиялык карталар бар. 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
Эмг.: Типы метаморфических комплексов Средней Азии//Метаморфические пояса СССР. Л., 1971; Карта метаморфических фаций восточной части Средней Азии масштаба: 1: 1 500 000. М., 1971 (совм. с Н. Л. Добрецовым); Метаморфические комплексы восточной части Средней Азии. Фр., 1972 (совм. с Н. Л. Добрецовым). Мetallogеnік mар оf Кугдуztаn 1:1000 000 (авторлош). Віsсһкек – Lоndоn, 2001; Ноосферология. Б., 2006.