БАКУНИН
БАКУНИН Михаил Александрович (18(30). 05. 1814, Тверь губерниясы, Премухин кыштагы – 01. 07. 1876, Швейцария, Берн) – орус революционери, анархизмдин теоретиги, народниктердин идеологдорунун бири. 1848–1849-жылдарда Австрия революциясына катышкан. 1851-жылы австриялык бийлик тарабынан Россияга кайтарылган. Алгач Петропавловск, кийинчерээк Шлиссельбург чебинде түрмөгө камалган. 1857-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган. 1861-жылы Сибирден качып, Япония, АКШ аркылуу Лондонго барган. Ал жактан А. И. Герцен, Н. П. Огарёвдор менен кызматташкан. 1864–1865-жылдарда «Интернационалдык боордоштук» жашырын революциячыл коомун түзгөн. 1868-жылдан 1-Интернационалдын мүчөсү болгон. Ал К. Маркска жана анын жактоочуларына каршы чыккан. 1827-жылы Гаага конгрессинин чечими менен Интернационалдан чыгарылган. Бакуниндин «Мамлекеттүүлүк жана анархия» деген эмгеги Россиядагы народниктер кыймылынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Анын окуусу боюнча, тарых – адам баласынын «жаныбарлар дүйнөсүнөн» «көз карандысыздыкка» карай басып өткөн жолу; дин – коомдун аң-сезиминдеги адашуусу.