БАНИОНИС
БАНИО́НИС , Банёнис Донатас (28. 4. 1924-ж. т., Каунас – 4.9.2014, Вильнюс) – литва актёру, СССР эл арт. (1974). Литва ССР мамл. сыйл. лауреаты (1969). 1941–2000-ж. Паневеж драма театрынын актёру (1980–84-ж. башкы реж., 1984–88-ж. көркөм жетекчи ж-а директор), 1984-ж. Литва консерваториясын бүткөн. 100дөн ашык ролдо ойногон: Эдвардас (А. Венуолис, «Күүгүмдө»), Тесман (Г. Ибсен, «Гедда Габлер»), Эдгар (А. Стриндберг, «Өлүм бийи») ж. б. 1957-жылдан кинофильмдерге тартылган: «Эч кимдин өлгүсү келген эмес» (СССР мамл. сыйл., 1967), «Жансыз мезгил», «Гойя, же болбосо таануунун оор жолу», «Мистер Ман-Кинлинин качуусу» (СССР мамл. сыйл., 1977). Б. түзгөн образдар психол. тереӊдиги, таасирдүүлүгү ж-а ийкемдүүлүгү м-н айырмаланат.
А. Пазылов.
