БАЛАСАГУНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 21 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАСАГУНИ Жусуп, Й у с у ф Х а с с Х а ж и б (болжол менен 1015/18–1090) – түрк элдери­нин ойчулу, акын, мамлекеттик ишмер. Чүй өрөөнүн­дөгү Баласагун шаарында туулган. 1069–1070-жылдарда он сегиз айдын ичинде өзүнүн даңазалуу «Кутадгу билиг» – «Кут берчү билим (бийлик)» дастанын жазган жана аны Кашкардагы Чыгыш Караханиддер каганы Сулайман Арслан Кара-кагандын уулу Тавгач Буура Кара-каган Абу Хасанга (1056–1103-жылдары бийлеген) тартуу кылган. Кара­хандардын адабий тилинде – «Буура хакандык түрк тилинде» жа­зылган бул чыгар­масы үчүн ага ордо иштеринин баш­чысы – «атайын хажип» даражасы ыйгарылган. Көө­нөргүс философиялык-ди­дактикалык поэ­ма болгон «Кутад­гу билиг» – те­ңир тоолук түрк­төрдүн биздин күнгө чейин жет­кен мусулмандык рухтагы эң алгач­кы ири жазма адабий, көркөм чыгармасы (кара: «Кутадгу билиг»).
Баласагуни чыгармасын болжолу 53–54 жаш курагында аяктаган. Айрым маалыматтарда ал

Ж. Баласагунинин эстелиги. Скульптор Т. Садыков.

68 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Кашкар шаарынын түндүгүндөгү Тай­нап деген жерге коюлгандыгы тууралуу айты­лат. Кытайдагы «маданий революция» мезги­линде (20–кылымдын 60-жылдары) анын күмбөзү хун­вейбиндер тарабынан талкаланган. Кийин ал күмбөз кайрадан калыбына келтирилген.