БАЛБАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 21 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛБАЛ – Талас облусунун Талас районундагы кыш­так. Калба айыл өкмөтүнө караштуу. Беш-Таш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1438 м бийиктик­те жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 25 км түштүк тарапта. Жамбыл темир жол бе­кетинен 122 км. 1933-жылы отурукташкан. Калкы 990 (2022); негизинен мал чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, турмуш-ти­ричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо бар.