БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:53, 21 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Жетим­-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору менен курчалган. Кара-Саз, Буркан жана Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Узундугу 82 км, эң жазы жери 7 км. Өрөөндүн деңиз деңгээлинен бийиктиги 2700–3400 м. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди жана бийик кашаттар менен Арчалы суу­сунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борбордук бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу жана плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү боюнча – грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы –13...–14°С, жайы салкын, июл­дуку 8–9°С. Жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Кара-Каман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуу-Суу, Арчалы, Жылаңач, Кара-Каман, Балгарт, Кара-Саз жана Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Балгарт өрөөнүндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа жана талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыт. Топоним балык жана арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат.