БАЛГЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:55, 21 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛГЫН, т а м а р и к с (Таmагіх) – жылгын­дар уруусундагы бадал, чала бадал, майда да­рак. Сабагы кыска, катуу түк менен капталган. Жалбырагы кабырчык (түрпү) сымал, майда, үстү туз чыгаруучу бездер менен капталган. Гүлү ак, кызгылт, майда, эки жыныстуу, топ гүлү ичке машакка чогулуп, сеңселген чачыны пайда кы­лат. Желекчелеринин саны 4–5, күлгүн кызыл. Кайчылаш чаңдашат. Кутуча мөмөсүнүн узундугу 1,8 мм, 3–5 кырдуу пирамидадай, учу 3 бөлүктүү, көп уруктуу. Уругу майда. Калемчелеп көбөй­тсө болот. Кооз, туздуу жерге чыдамдуу өсүм­дүк, талааны коргоодо, токой аянтын кеңейтүү­дө пайдаланылат. Көп жылдык. Балдуу, ашаткыч касиетке да ээ.