БАЛДАР ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 21 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР ТЕАТРЫ – репертуары, негизинен жаш жеткинчектерге жана өспүрүмдөргө арналган про­фессионалдык театр. Балдар театрынын репертуарын балдарды идеялык жана эстетикалык жактан тарбия­лоочу спектаклдер түзөт. Балдар театры Кыргызстанда 1936-жылы уюштурулган. Анын уюштуруучусу жана директору О. Сарбагышев болгон. Алгачкы жолу Н. В. Гоголдун «Үйлөнүү» комедиясы коюлган. 1941-жылы жаңыдан уюшулган Кыргыз мамлекеттик драма театрына кошулган.