БАЛДАРДЫН КҮНДӨЛҮК РЕЖИМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:51, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАРДЫН КҮНДӨЛҮК РЕЖИМИ – балдар­дын бир суткадагы оюнун, иш-аракетин, эс алуу­сун туура уюштуруу. Күндөлүк режим алардын анатомиялык-физиологиялык жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу м-н түзүлөт. Режим боюнча балдар уйкусу канганча (10–12 саат) уктоосу керек. 3–6 жаштагы бал­дардын эртең мененки тамактануудан кийинки убактысы сүрөт тартуу ж. б. м-н өтөт. Мектеп окуучулары сабактарын окуудан, үй тапшыр­маларын аткаруудан кийин мектептеги түр­дүү ийримдерге катышат. Балдардын күндөлүк режиминде сабактан кийин 2–3 саат дем алуу, таза абада болуу, ук­тоо убактысы да көрсөтүлөт. Мектеп окуучу­ларынын режиминде сабакка даярдануу, эс алуу, уктоо убактылары жаш өзгөчөлүктө­рүнө, сабак өтүүнүн убактысына жараша түзүлөт.