БАЛДАРДЫН СПОРТТУК МЕКТЕБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАРДЫН СПОРТТУК МЕКТЕБИ – мектеп жашындагы балдар үчүн дене тарбия жана спорт системасын уюштуруунун өркүндөтүлгөн формадагы атайын мекемеси. Ал комплекстүү (спорт­тун 2–5 түрү) же спорттун бир гана түрү боюнча адистештирилет. Балдардын спорттук мектеби КРдин билим берүү министрлигинин системасында жана спорттук коомчулуктарда түзүлүп, мектептеги дене тарбия­нын милдеттери менен тыгыз байланыштуу. Аны кеңири жайылтуу жаштарды эмгекке жана Ата Мекенди коргоого жарамдуу даярдоого мүмкүн­дүк берет. Спорттун өздүк бөтөнчөлүгүнө жана ор­ганизмге тийгизе турган таасирине жараша ар түрдүү курактагы балдарга анын тигил же бул 4–100 түрлөрүнө: 7–8 жаштан баштап сууда сүзүү; 8–10 жаштан –тоодо лыжа тебүү, стол тенниси, бадминтон, сууга секирүү, шахмат, дойбу; 10–11 жаштан көркөм гимнастика, трамплинден секирүү, парустук спорт, акробатика, спорттук гимнастика, баскетбол, волейбол, футбол, топ менен хоккей ойноо; 12–13 жаштан лыжа менен жа­рышуу, жеңил атлетика; 13–14 жаштан классикалык жана эркин күрөш; 14 жаштан атыш, бокс; 15–16 жаштан оор атлетика ж. б. катышып, машыгуу сунуш кылынат.