БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ – политехникалык окуунун жана кесиптик багыт берүүнүн негизги каражаттарынын бири. Ал балдардын техникага кызыгуусун арттырып, чыгармачыл жана ойлоп тапкыч жөндөмдүүлүгүн, техникалык ойлонуусун өнүктүрөт, илимий деңгээлин жогорулатат. Балдардын техникалык чыгармачылыгы көбүнчө модель, прибор (аспап, шайман), механизм, жөнөкөй машина өңдүү техникалык объекттерди конструкциялоодон көрүнөт. Балдардын техникалык чыгармачылыгы класстан тышкаркы окууларда, мектептен тышкаркы мекемелерде (жаш техниктердин станциясында, клубдарда, чыгармачыл үйлөрдө, аянттарда ж. б.), ошондой эле эмгекке үйрөнүү жана предметтик сабактарда ишке ашырылат. Балдардын техникалык чыгармачылыгын уюштуруунун эң кеңири тараган формасы – техникалык ийрим. Мыкты эмгектер көргөзмөгө экспонат катары коюлуп, сыйлыктар менен сыйланат. Балдардын техникалык чыгармачылыгы жеткинчектерди келечекте өндүрүштө, илимде, техникада эмгектенүүгө машыктырып, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрөт. Ойлоп табуучулар, рационализаторлор, өндүрүш новаторлору, конструкторлор, илимпоздордун көбү өз учурунда балдардын техникалык чыгармачылыгы аркылуу даярдоодон өтүшкөн.