БАЛЕАР АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:03, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЕАР АРАЛДАРЫ Жер ортолук деңизинин батыш бөлүгүндө. Мальорка, Менорка, Питиуз аралдары кирет. Испаниянын Балеарес провинциясы­на карайт. Аянты Питиус аралы менен кошо 5 миң км 2ден ашык. Калкы 830 миң (2004). Адыр-күдүрлүү жа­пыз тоо (бийиктиги 1445 м ге чейин) рельефи ба­сымдуу. Жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, гарига) жана токой басымдуу. Жүзүм, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы өстүрүлөт. Балык кармалат. Негизги шаары жана порту – Пальма-де-Мальорка (Мальорка аралында). Деңиз климаттык курорттору, эс алуу жайлары бар. Туризм өнүккөн.