БАНКА (калай кен тобу)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́НКА – калайдын чачынды кендеринин дүйнөдөгү ири тобу. Индонезиянын Түш. Суматра провинциясында, Банка аралында жайгашкан. 16-к-дан белгилүү; 1710-жылдан казып алынат. Геол. чалгындалган запасы 500 миӊ тга жакын. Калайдын негизги запасы негизинен деӊиз жээктериндеги ж-а шельфтериндеги аллювий, элювий, жээк ж-а шельф чөкмөлөрүндө топтолгон. Калай минералдары топтолгон негизги чөкмө 0,2–2,0 м калыӊдыктагы кум катмары. Ал касситериттүү (2–10 кг/м3) кварц сыныктары, турмалин, монацит, рутил, ильменит минералдарынан турат. Бул аймакта калайдын дагы 20дан ашуун кени бар, алар азырынча иштетилбейт.