БАЛКАН СОЮЗУ
БАЛКАН СОЮЗУ (1912) – Болгария, Сербия, Грекия жана Черногориянын Түркияга, иш жүзүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган согуштук-саясий биримдиги. 1912-жылы бир катар согуштук конвенциялар жана келишимдер менен толукталган. Балкан союзу Россиянын активдүү колдоосу менен түзүлүп, Россия бул союздун жардамы менен Австрия-Венгриянын жана Германиянын Балканга келишине тоскоол кылууга умтулган. Балкан союзун түзүү идеясын Англия менен Франциянын өкмөттөрү да жактырышкан. 1912-жылы октябрда Балкан союзунун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын жана Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштүрүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна жана Балкан союзунун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өз ара согушуна алып келген, кара: Балкан согуштары (1912–1913).