БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТА (гр. bаllо – ыргытам) – кыймылдаткычтарын өчүргөндөн кийин баллистикалык траектория боюнча учуусун улан­туучу ракета. Ал айрым учурда аэродинамикалык туруктуулукту камсыз кылуучу туруктооч (стабилизатор) менен жабдылат. Анын (континент аралык баллистикалык ракетаны кошкондо) согуштук ракеталар, алып жүрүүчү-ракеталар, космос ракетасы ж. б. түрлөрү бар. Анын канаттуу ракетадан айыр­масы учуп баратканда аэродинамикалык кө­төрүү күчүн жаратуучу алып жүрүүчү бети (аянт­часы) жок. Ал бир жана көп баскычтуу болушу мүмкүн.