БАНКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́НКА (нем. Bank) – материктин суу каптаган чет жакасында жайгашкан салыштырмалуу туюк сайроон. Муз каптаган шельфтүү аймактарда кездешет. Негизинен кумдан ж-а жумуру таштардан түзүлөт. Кумдуу Б-лар агымдардын таасиринен өзүнүн түзүлүшүн өзгөртүп, ордун ооштурат. Арктикалык деӊиздерде Б-лар кээде аралдардын жээктеринин ургаалдуу жемирилишинен пайда болот. Тоолуу жээктердеги кууш шельфтерде аскалуу Б-лар кездешет. Трансгрессиядан пайда болгон тайыз деӊиздерде Б-лар рельеф калдыктарын түзөт. Ал эми океандарда алар жанар тоолордон ж-а кораллдардан түзүлгөндүктөн, Б-нын уз. 800 кмден (Чоӊ Ньюфаундленд Б-сы) ашат. Океан таманынан бийик көтөрүлгөн Б-лар кеме жүрүү үчүн чоӊ коркунучту туудурат.