БАЛТИКА КАЛКАНЫ
БАЛТИКА КАЛКАНЫ – Чыгыш Европа платформасынын түндүк-батыш тарабындагы кембрийге чейинки мезгилде бүктөлүүгө дуушар болгон фундаменттин жер бетине чыгып жаткан аймагы. Россиядагы Карел Республикасы, Мурман жана Ленинград облустарынын батыш бөлүктөрүн, Финляндия жана Швециянын аймактарын ээлейт. Балтика калканы архей менен протерозой замандарынын метаморфизмделген жана татаал өзгөрүүлөргө, бүктөлүүлөргө учураган гнейс, кристаллдуу сланец сыяктуу тоо тектерден турат. Балтика калканында темир (Швеция), жез-никель жана апатит (Хибинде, Россия) кендери бар.