БАЛТЫРКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:12, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТЫРКАН (Негасlеum) – өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумунун уруусу; эки же көп жылдык чөп. Сабагы түктүү, катуу, көңдөй, би­йиктиги 1–1,5 м. Жалбырагы татаал же үч ача кесилген. Моно же поликарптык өсүмдүк. Гү­лү майда, ак, сары, жашыл, мала кызыл. Топ­ гүлү – татаал чатырча. Мөмөсү – кутуча. Жер жүзүндө 70, Кыргызстанда 4 түрү жайлоодо, бөксө тоодо суу жээктеп өсөт. Уругу менен көбөйөт, кө­пөлөктөр чаңдаштырат. Тоют катары пайдалы­нылат, жаш өркүндөрү желет. Алай тоолорун­да жана Чоң Кемин өрөөнүндө эки эндемик түрү өсөт. Уругунда эфир майы, кумарин болгондук­тан, медицинада колдонулат. Балтыркандын көп түрүнүн ширеси дерматит (күйүк) пайда кылат. Кээ бир түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.