БАЛЫГООЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫГООЗ, б а к а о о з – аял затынын чач папик кооздугуна тагылуучу күмүштөн жасал­ган асем буюм. Ичи көңдөй, эки жагына оюм түшүрүлгөн күмүшкө жибек жип, кара боочо­лор кыпчылып, чач сымал төмөн түшүп турат. Аялдар ар бир өрүм чачынын учуна бир нече­ден балыгоозду асемдикке тагынышкан. Балыгооз негизинен Кыргызстандын түштүк аймагында пайдаланылган.