БАЛЫК ЧАРБАСЫ
БАЛЫК ЧАРБАСЫ – айыл чарбасынын балык өстүрүүчүжана аларды көбөйтүп, тукумун жакшыртуу ишин жүргүзүүчү тармагы. Табигый жана жасалма көлмө балык чарбасына бөлүнөт. Табигый көлмө балык чарбасы дарыя, көл, суу сактагыч жана деңизде балык запасын көбөйтөт. Азыркы балык чарбасы балык өстүрүүчү көлмөнү мелиорациялоо жана балыктын жаңы түрүн байырлаштыруу иштери менен бирге комплекстүү жүргүзүлөт. Мелиорациянын натыйжасында балыкты табигый көбөйтүү шарты жакшырат, урук чачуучу жайларда туруктуу суу режими түзүлөт. Колдо өстүрүү максатында көл жээктерине балык заводдору курулган. Алар урукту инкубациялоо жана табигый көлмөлөргө коё берилүүчү майда балыктарды чоңойтуу ж. б. иштер жүргүзүлөт. Севан көлүнөн (Армения) Ысык-Көлгө алынып келген жилингир (форель) балыгы жакшы байырланып, айрымынын салмагы 24 кгга чейин жеткен. Токтогул, Киров ж. б. суу сактагычтарында балык чарбасы өнүгүүдө. Балыкты тоюттандыруу, өстүрүү, көлмөнүн азыктуулугун арттыруу ж. б. маселелерди атайын илимий-изилдөө мекемелери иштеп чыгат.
Ад.: Иманов Ж. Кыргызстандын балык чарбасы. Ф., 1980; Таиров М. Т. Рыбоводство и рыболовство. А.-А., 1985.