БАЛЫК-СУУ БОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:45, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫК-СУУ БОР КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Шабдан кыштагынан 4 км түндүктө, деңиз деңгээлинен 1700–2000 м бийиктикте. 1960-жылы геологиялык съёмка иштерин жүргүзгөндө табылган. Пайда­луу тек болуп 3,54% бордун үч кычкылын кармаган турмалинит эсептелинет. Анын таралы­шынын аянты 0,4 км2. Технологиялык изилдөөдөн бордун үч кычкылы жакшы бөлүнүп алынары аныкталган. Кенди жер семирткич катары изилдөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү сунуш кылынган. Бордун үч кычкылынын кен боюнча болжолдуу ресурсу 1 млн т.