БАЛЫКИН
БАЛЫКИН Валерий Васильевич (1941-жылы туулган, Бишкек) – ички кызматтын генерал-майору (1990). Бишкек политехника институтун (1964), Ташкен партиялык жогорку мектебин (1984) бүткөн.

1958–1980-жылдарда «Оор-электрмаш» заводунда инженер, конструктордук бюронун начальниги, башкы инженер, директор, 1980–1982-жылдарда
Кыргызстан КП Биринчи май райкомунун 2-секретары, 1982–1993-жылдарда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, 1993-жылдан ИИМдин системасында жетекчилик кызматта. Медалдар менен сыйланган.