АЖИБЕКОВА Клара

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:59, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖИБЕКОВА Клара (19.12.1946, СССР, Кыргыз ССРи, Нарын шаары) – философ, философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1993). Кыргыз Мамлекеттик Медициналык институтун бүтүргөн (1970). 1970–1983‑жылдарда Кыргыз Мамлекеттик университетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1983–1995‑жылдары Кыргызстан КП БКнын лектору, Саясий агартуу үйүнүн башчысы, Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын орун баса­ры, политология жана социалдык башкаруу институтунун ректору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Башкаруу институтунда, орус тили жана адабиятт педагогикалык институтунда, Бишкек Гуманитардык университетинде кафедра башчысы, 1992‑жылдан Кыргызстан КП БКнын 1‑секрета­ры болуп иштеген, 1993‑жылдан Кыргыз-Орус Славян университетинин психология жана философия кафедрасынын профессору. Анын эмгектери коомдук турмуштун оор­чулук учурунда жаштардын диний жана атеист­тик түшүнүктөрдүн механизмин изилдөөгө, илимий-техникалык революция шартында адамдын рухий эколо­гиясынын бузулуп баратышынын философиялык масе­лелерин иликтөөгө арналган. 120 илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография, 3 окуу куралы – авторлош) автору.

Эмг.: Молодёжь и проблемы психологии, религии и атеизма в условиях современной НТР. Ф., 1989.