БАЛЬЗАМДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬЗАМДАР (гр. bẚlsаmоп – жыттуу ча­йыр) – өсүмдүктөн алынган органикалык бирикмелердин аралашмасы. Негизинен монотерпендүү учма би­рикмелерден (эфир майларынан), чайыр жана анда эрүүчү жыпар жыттуу бирикмелерден (ванилин, бензой кислотасы жана алардын татаал эфир­лери, альдегиддер, кетондор, спирттер) турат. Сууда иш жүзүндө эрибейт, органикалык эриткичте эрийт. Бальзамдар өзгөчө жыттуу, өткүр, даамы ачуу, илээшме суюктук; абада эфир майларынын бууланышы­на жана окистенишине жараша катууланат. Тропик жана субтропикте, чанда түндүк же мелүүн ал­какта өсүүчү жыгач өсүмдүктөрдө пайда болот. Ал кадимки зат алмашуу продуктусу катары же сөңгөк жабыркаганда бөлүнүп чыгат. Негизинен кабыктын клетка аралык боштугунда, кээде жалбыракта жана жаш жыгачта чогулат. Бальзамдар – канифолду, лак ж. б. даярдоо үчүн сырье; парфюмерияда, косметикада жана дары заттарды алууда колдонулат. Ийне жалбырактуу да­рактардан алынат. Жасалма бальзамдар эфир майларынын спирттеги эритмеси, чөптөрдүн тундурма­сы болуп эсептелет. Табигый бальзамдын аналогу син­тезделип алынган, мисалы, поливинилбутил эфи­ри (винилин) же Шостаковский бальзамы жа­раатты дарылоодо пайдаланылат.