БАЛЬЗАМДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬЗАМДОО – түрдүү чиритпөөчү заттарды куюу менен өлүктү бузулуудан сактоо. Бальзамдоо үчүн дене ткандарына антисептик жана консервалоочу эрит­мелер, көбүнчө формалин (байыркы заманда бальзамдар, аталышы ошондон) сиңирилет. Алар чиритүүчү микробдордун тиричилигине тоскоол кылат. Бальзамдоо окутуу, илимий, соттук-медициналык, ошондой эле көрүнүктүү адамдардын денесин сактоо максатында жүргүзүлөт. Бальзамдоо байыркы замандан бери белгилүү. Айрыкча Байыркы Египетте кеңири таралган. Орус окумуштуулары В. П. Воробьев, Б. И. Збарский иштеп чыккан ыкма боюнча 1924-жылы В. И. Лениндин денеси бальзамдалган.